Эквадордо түрмөдө отурган кримтөбөл дайынсыз жоголду. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланды

Өлкөнүн президенттигине талапкерди өлтүргөн деп шектелген кылмыштуу топтун лидери Эквадор түрмөсүндөгү камерадан жоголду. Өлкөдө эки айлык мөөнөткө өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Фито" лакап аты бар Адольфо Макиас Вильямар 12 жыл түрмөдө отурган жана ошол эле учурда күчтүү "Лос Чонерос" мафиялык тобун жетектеген. Анын камерасы түрмөнүн бир бөлүгүндө жайгашкан жана ал камера өзгөчө тыкыр кайтарылышы керек болчу.

Мындан улам Эквадордун президенти Даниэль Нобоа 60 күндүк өзгөчө кырдаалды жарыялады, анын ичинде коомдук чогулуштарга убактылуу тыюу салуу жана коменданттык саат бар.

44 жаштагы наркобарон жекшемби күнү жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Гуаякил шаарындагы түрмөдөн ошол эле шаардагы катуу кайтарылган мекемеге которулар алдында дайынсыз жоголгон.

"Фитонун" качып кеткени же чоң түрмө комплексинде жашырынып жүргөнү азырынча белгисиз. Полиция дагы Фито камерадан так качан жоголгонун билбейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан