"Коркконунан сейфтин ачкычын беришкен". Түптө тургундун үйүнө куралдуу кишилер кирип барышты

Түп районунда ишкерлерге каракчылык менен кол салган жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жыл 31-декабрь күнү Түп айылында болжол менен саат 05.00дө жергиликтүү тургундун үйүнө белгисиз адамдар кирип келишип, үй ээси менен жубайынын денесине залал келтиришкен.

"Куралчан кылмышкерлер алгач аял жүргөн бөлмөгө кирип, акча талап кылып сабай башташкан. Бөлмөгө кирип келген жолдошунун башына темир буюм менен бир нече жолу урушуп, байлап коюшкан. Андан кийин, алар бычак менен коркутушуп, аялдан жана анын жашы жете элек уулунан акча, баалуу буюмдарын талап кыла башташкан. Жабырлануучулар коркконунан сейфтин ачкычын берген, бирок бул аларга жетишсиз болуп, дагы акча талап кылышкан. Кылмышкерлер сумкадагы акча каражаттарды жана уюлдук телефондорду да ээлеп алышып, белгисиз тарапка качып кетишкен", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин 2-бөлүгүнө (Каракчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишине шектүү катары Түп районунун тургундары 1988-жылы туулган Б.Р. жана 1987-жылы туулган О.Ф Бишкек шаарынын аймагынан кармалган. Алар Түп райондук ИИБге жеткирилип, сот тарабынан аларга карата эки айга камакка алуу боюнча чечими чыкты.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

09.01.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан