Кечээ, 17-декабрда саат 14:30дар чамасында 27 жаштагы М.Майрамбек ГА3-3309 автоунаасы менен Бишкек шаарынын Л.Толстой көчөсүндө бара жатып, №100-үйдүн каршысынан дүкөндүн жанында токтоп турган Хонда Одиссей унаасын сүзүп алды. Андан кийин «АВТО» дүкөнүнүн тосмосун сүзүп кирип кеткен.
Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынын маалымат борбору билдиргендей, жол кырсыгынан жабыркагандар жок. Медициналык экспертизанын жыйынытыгы боюнча айдоочулар мас абалында болгон эмес. Бул боюнча материалдар толтурулуп, тергөө үчүн Бишкек ШИИББинин жол кырсыктарын иликтөө бөлүмүнө өткөрүлдү.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, унаанын ичнде адамдар болгон. Бирок көп өтпөй аларды кызматкерлер башкага унаага салып кетишкен.