Чүйдө кыз ала качып кеткен эки адам кармалды

Чүй облустук ЖКККБнын кызматкерлери кыз уурдап качкан жарандарды кармады. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн 9-январда болжол менен саат 14:50 чамасында белгисиз адамдар Ак-Босого конушунда 25 жаштагы кызды күч менен Honda Stepwgn унаасына отургузуп, белгисиз тарапка алып кетишкен.

"Жол милициянын кызматкерлери кызды уурдаган жарандарды – унаанын 45 жаштагы айдоочусу менен 31 жаштагы Ш.Р. аттуу жаранды Сосновка айылынан кармаган.

Учурда шектүүлөр Жайыл райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, ал эми унаа айып короосго токтотулган",-деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан