Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Израиль ырчыларынын концерти өтөт деп социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, концертти уюштуруучулар менен Улуттук филармониянын ортосунда эч кандай келишим түзүлгөн эмес жана түзүү планы да болгон эмес.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги коомчулуктан такталбаган маалыматты бөлүшпөөгө чакырды.