Бишкекте кафенин кассасынан 80 миң сом уурдаганы видеого түшүп калган. Шектүү кармалды (видео)

Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык 2023-жылдын 23-октябрында милицияга А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал белгисиз адам ошол күнү саат 00:30 чамасында борбор калаадагы кафенин кассасынан 80 миң сом уурдап, андан соң белгисиз тарапка качып кеткенин айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине ( Уурдоо ) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1992-жылы туулган О.Т. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

10.01.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан