Эквадордогу тополоңдо каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилигине шилтеме берүү менен билдирди.
"Эквадордун Кито шаарында уланып жаткан баш аламандыкка байланыштуу кылмыштуу топтор менен Эквадордун укук коргоо органдарынын ортосундагы куралдуу кагылышуулардын натыйжасында полиция кызматкерлери жана жарандар арасында курман болгондор бар.
Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчилигинин маалыматы боюнча каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок, ошондой эле Эквадордо консулдук каттоодо Кыргыз жарандары да жок", - деп билдиришти министрликтен.
Ошондой эле министрлик Эквадордун ичинде саякаттоону жана ушул убакта жалпы өлкөгө барбоону сунуштайт.