#Азыр. "Балаңыздын тишине түйүлдүк кезинен баштап кам көрүңүз". Балдар стоматологу менен маек

SUPER.KG порталынын #Азыр. рубрикасынын бул чыгарылышында учурдагы актуалдуу маселелердин бири балдардын тишине туура кам көрүү жана аны үйрөтүү тууралуу кеп козгоону туура көрдүк. Жакынкы күндөрү стоматологиялык борборго барып каза болуп калган 3 жаштагы кыздын окуясы бүткүл өлкөнүн жүрөгүнүн үшүн алган окуя болуп калды. Мындан улам баланын тиштерин туура сактоо, туура кам көрүү жана тишти тазалоонун жол-жобосун балдарга кантип үйрөтөбүз деген суроо актуалдуу темалардын бирине айланды. Андыктан адистин кеп-кеңеши учурдун талабы болуп тургандай.

Биздин суроолорубузга Иса Ахунбаев атындагы КММАнын Балдар стоматология кафедрасынын башчысы Юлдашев Илшат Мухидинович жооп берет.

- Наристелерге алгачкы тиш кайсы учурдан баштап чыгып баштайт? Баланы кайсы курактан баштап тиш доктурга алып баруу зарыл?

- Бала төрөлгөндөн кийин биринчи тиш 6 айында чыгып баштайт. Ал бала 1 жашка чыкканда анда 8 тиш болушу керек. Ал эми комплект 20 тиш бала 3кө чыкканда толугу менен чыгып бүтөт. Баласынын сүт тиштери чыга баштаган кезде эле эне ага кам көрүүгө аракет кылып баштоосу керек. Баланын колун таза жууп, стерилденген бинтти сөөмөйүнө ороп, жөнөкөй эле кайнатылган жылуу сууга малып алып балаңыздын бүйлөлөрүн, анан жаңы чыккан сүт тиштерин акырындан сүртүү керек. Муну күнүнө эки жолудан, сүт тиштери толук чыккычакты жасай берсе жакшы натыйжасын берет. Ал эми эки жаштан тартып, дарыгерге барып, профилактика жумуштарын баштаган эң туура болот.

- Баланын тишин узак убакытка сактоо үчүн ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?

- Баланын тишине кам көрүү анын эненин түйүлдүгүндө пайда болгон кезде башталганы туура болот. Башкача айтканда, кош бойлуулуктун 6-7-жумаларынан баштап түйүлдүктө сүт тиштердин, ал эми 20 жумалык болгондон тартып туруктуу тиштердин өзөгү пайда болот. Алар сүт тиштерден тереңирээк жайгашат. Андыктан эне баласынын тишине кам көрүүнү мына ушул учурдан баштап эле колго алышы керек. Бул учурдагы кам көрүү деген эмне? Албетте, туура тамактануу, пайдалуу азыктарды гана пайдалануу болуп эсептелет. Ал эми баланын тиши үчүн эң зарыл нерсе, албетте, кальций. Кальцийдин булактары болуп быштак, сүт жана башка сүт азыктары, жашылча-жемиштер, балык, деңиз жандыктары эсептелинет. Келечекте баланын тиштеринин сапаты жакшы болуш үчүн энеге күнүнө 1,5 граммдай кальций керектелет. Эгерде кош бойлуу эне туура тамактанбаса, кийин баланын тиши чыкканда ар кандай көйгөй жаралып, тиш оорулары көп болот. Дагы бир маанилүү жагдай, тилекке каршы көпчүлүк ата-энелер баланын сүт тиши чыгып жатканда маани деле беришпейт. Жада калса балдарына тиш жууганды дагы үйрөтүшпөйт. Себеби сүт тиш баары бир түшүп, ордуна туруктуу тиш чыгат деп түшүнүшөт. Бирок баланын келечектеги ден соолугу, жаңы чыга турган тиштер дал ушул сүт тиштин сапатынан көз каранды экенин биле беришпейт.

- Канча жаштан баштап балага тишти жууганды үйрөтүү зарыл?

- Сүт тиштери толук чыккан 1,5-2 жаш кезинен тартып атайын балдарга арналган тиш щётка жана паста менен тиш жууганды үйрөтүү керек. Анда дагы баланы күчкө салбай, урушпай, акырын баланын тили менен айтып, оюн аркылуу үйрөткөн туура болот. Мисалы, тиштерин кызыл красканы сыйпап, "жуубасаң микробдор тиштериңди уурдап кетет, анан тиши жок каласың" деген сыяктуу сөздөрдү айтып түшүндүрүү кажет. Балага кичинекейинен баштап күнүнө 2 ирет тишти тазалоону үйрөтүү керек.

- Ал эми тиш щётка жана пастаны тандаганда эмнелерди эске алуу керек?

- Балдарга өтө жумшак тиш щёткасы сунушталат. Ал эми пастанын курамында фтору жок болушу шарт.

- Кичинекей балдардын тишин дарылоо процесси кандай жүрөт деген суроо көпчүлүк ата-энелерди кызыктырат болушу керек. Анткени жакында эле аянычтуу окуя болуп кетти...?

- Негизи биздин жумушта алып бара турган негизги эки багыт бар. Бул санация жана профилактика. Мындан маанилүүсү профилактика жумуштары. Анын артында баланын өзүнүн тишин узак убакытка сапаттуу сактап калганы мүмкүнчүлүк болот. Негизи баланын тишин дарылоо адистер үчүн кыйын эмес. Ал эми баланы көндүрүү, креслого отургузуу аны ошол процесске даярдоо ыкмаларын дагы колдонуу керек. Мындан дагы маанилүү нерсе, ата-энелер балдарын тиши ооруган учурда эмес, ага чейин дарыгерге алып келсе дейт элем. Анткени баланы алып келип эле креслого отургузганда коркуп калышы мүмкүн. Ага чейин тиши оорубаган мезгилде эле стоматологго алып барып, профилактика жумуштарын жасап, акырындан көндүрүү керек. Ал эми эки жаштан тартып ата-энелер 3 айда бир баланы тиш доктурга алып келип көрсөтүп туруусу маанилүү.

- Балдар тиш ооруларына байланыштуу кандай көйгөйлөр менен кайрылышат?

- Негизгиси кариес. Мындан сырткары, гипоплазия деген оору менен да көп кайрылышат. Мында баланын тиштери саргарып баштайт. Эгерде убагында дарылабаса анда ал дагы кариеске айланып кетет. Мындан сырткары, ооз көңдөйүнө чыкчу стоматиттен, тиштин түптөрүнө чогулуп калган таштардан, тиштин аябай саргайып кеткенинен жабыркагандар дагы көп.

- А баланын тишин кариестерден коргоонун кандай жолдору бар?

- Биринчиден, албетте, ооз көңдөйүнүн гигиенасын туура сактоо. Эртең менен, кечинде тишти жуу, туура тамактануу. Таттууларды аз өлчөмдө берип, газдалган суусундуктарды, курамында углевод көп азыктарды баланын рационунан таптакыр эле алып салуу туура. Мунун ордуна сүт азыктарын, жер-жемиш, жашылчаларды көбүрөөк колдонуу керек. Эгерде бала таттуу жесе андан кийин тишин суу менен чайкап койгон да жакшы натыйжасын берет.



- Кээ бир ата-энелер "балам күндө тишин эки маал жууса дагы "курттап" кетти" дегендерин угуп калабыз. Бул эмнеден улам болушу мүмкүн?

- Анда тишин туура эмес жууп жатат. Негизи тишти 2 мүнөттөн 5 мүнөткө чейинки убакытта жууш керек. Эгерде тиш жууну аталган убакыттан эрте токтотуп койсо же 5 мүнөттөн көп жууса дагы тиштер жабыркайт. Кошумчалап кете турган нерсе, мени кубандырган жагдай да бар. Учурда ата-энелерде мурункуга караганда бир аз жоопкерчилик жогорулады. Азыр балдарынын тишинин саламаттыгын ойлогон ата-энелер көбөйдү. Бул кадам албетте кубандырбай койбойт.

- Маегиңиз үчүн рахмат! Ишиңизде ийгиликтер болсун!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан