"Кинодогудай". Жалал-Абадда унаалар менен кубалашып ок атышкан. Шектүүлөр кармалды

Жалал-Абадда унаага ок чыгарып, адам өлтүрүүгө аракет жасагандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Жалал-Абад ОИИБи билдирди.
Маалыматка караганда, 2023-жылдын 29-августунда саат 23:00 чамасында Жалал-Абад шаарынан С.Н. жана Б.Б. аттуу жарандар Дэу Нексия 2 үлгүсүндөгү такси жалдашкан. 30-августка караган түнү саат 00:30 чамасында Сузак районунун Мундуз айылында бара жатып, Хундай Гетс унаасында бара жаткан М.Б., Ж.Э., Р.К. жана А.Д.лардын артынан таксини айдатышып, С.Н. ок атуучу курал менен 2-3 жолу Хундай Гетс автоунаасын аткылаган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинин (Адам өлтүрүүгө аракет жасоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Сузак районунун тургундары 1994-жылы туулган С.Н. жана 1995-жылы туулган Б.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
С.Н. буга чейин бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ал эми Б.Б. буга чейин мал уурулук, бейбаштык беренелери менен соттолуп, азыркы күндө уурулук боюнча 2025-жылга чейин пробацияда жүргөн.
"Бул окуяда эки тарап бири-бирине ок чыгарып, буга чейин Хундай Гетс үлгүсүндөгү автоунаада бара жатышкан 4 бала кармалып, Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп, материал соттун кароосуна жиберилген", - деп айтылат маалыматта.
11.01.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан