Иске ууланган адамга кандай жардам берүү керек? Көрсөтүлө турган жардамдар боюнча кеңештер менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бөлүштү.
Уулуу көмүртек кычкылы (түтүн) түсү жана жыты жок жана аны менен уулануу өтө кооптуу. Уулануу абдан оңой жана ар кандай кырдаалдарда өтөт.
Министрлик адамдар автоунаадан чыккан газдан, турмуш-тиричилик газ буюмдарынын иштен чыгуусунан, мордун туура эмес түзүлүшүнөн өрттөн чыккан истен ууланышы мүмкүн экенин эскертет.
Уулануунун негизги себеби – мештерди жылытуу эрежелеринин бузулушу, эшиги жакшы жабылбагандыгы, от жагуучу жайда таза абанын жетишсиздиги, мордун туура эмес иштеши, ал тургай мештеги жаракалар да кайгылуу окуяга кептейт.
Адамдын организмине кирген көмүртек кычкылынын көлөмүнө жараша уулануунун симптомдору бири-биринен кескин түрдө айырмаланат.
Уулануунун белгилери — баш ооруйт, кулак чуулдап, көз караңгылайт, кургак жөтөл, кусуу, эстен тануу. Андан да кооптуусу — өлүм менен коштолуу.
Ууланган адамга жардам көрсөтүү кадамдары: