Буга чейин блогер Мээрим Төлепберген Бишкектен ак өргөөлүү болгонун айтып, ырчы Мирбек Атабековго ыраазычылыгын билдирген.
"Жашоодогу бардык кыйынчылыктарга, кырдаалдарга, жакшылыктарга жана эки адамдын эки жол тандаганына карабастан үйлүү болдук. Мирбектин берешендигине ыраазымын. Рахмат сага! Жаңы жыл сонун белек менен башталды", - деп жазган ал.
Блогер социалдык тармактагы баракчасына үйүнүн ичи тартылган видео менен бөлүшүп, ремонт иштери жүрүп жатканын жазды.
Эске салсак, Мирбек Атабеков менен Мээрим Төлепберген 2014-жылы баш кошушкан. Жубайлардын ортосунда бир уулу жана 2 кызы бар. 2023-жылы түгөйлөр эки башка жолго түшкөнүн жарыялаган.