Кечээ, 10-январда Жогорку Кеңеш депутат Эмил Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга макулдук берди. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен айыпталууда.
Анда каттоодон өткөн 81 депутаттын 69у макул деп добуш берди. Каршы добуш бергендер болгон жок.
Депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:
Анда каттоодон өткөн 12 депутат добуш берүүдөн карманып койгон.
Алар:
1. Жанар Акаев,
2. Нилуфар Алимжанова,
3. Чыңгыз Айдарбеков,
4. Чыңгыз Ажибаев,
5. Медер Алиев,
6. Сеид Атамбаев,
7. Дастан Бекешев,
8. Миргүл Темирбаева,
9. Тазабек Икрамов,
10. Азамат Исираилов,
11. Жылдыз Садырбаева,
12. Эльвира Сурабалдиева.
Ал эми жыйынга абактагы Адахан Мадумаров менен Жамгырчиевдин өзүн кошпогондо 7 эл өкүлү катышкан эмес.
Алар: Мирлан Самыйкожо, Айгүл Айдарова, Султанбай Айжигитов, Фарходбек Алимжанов, Исхак Масалиев, Искендер Матраимов, Чынберди Төлөнов.
41 жаштагы Эмил Жамгырчиев парламенттеги “Альянс” фракциясынан депутат. Ал буга чейин өзүнө тагылган айыпты четке кагып, муну "саясий куугунтук" катары баалай турганын билдирген.
Анын фракциялаштары Жанар Акаев, Нилуфар Алимжанова, Чыңгыз Айдарбеков, Азамат Исираилов добуш берүүдөн карманышса, Фарходбек Алимжанов жыйынга келген эмес. Бир гана партиялашы Гүлкан Молдобекова аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.
Буга чейин "Альянс" фракциясынын лидери Жанар Акаев фракциялашы Эмил Жамгырчиевдин Ак үйдүн терезесинен секире качканына ыңгайсыз абалда калганын айткан. Ал ошондой эле кечээ Жамгырчиев жыйынга келип, өзүнө коюлган айыптарга карата жооп бербегендиктен улам фракциялаштары добуш берүүдөн карманганын кошумчалаган.
Кечээ жыйында депутатка карата Өзбекстанда да кылмыш иши козголгону айтылды. Ошондой эле УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жамгырчиев Өзбекстандагы белгилүү кримавторитет Салим Абдувалиевден (Салим Байбача) жардам сураганын айтты.
Атайын кызматтын башчысы Жамгырчиевге козголгон кылмыш иши оор кылмышка кирбегендиктен ал камалбай турганын кошумчалады.
Жамгырчиев 9-январда Ак үйдүн 2-кабатынан секирип түшүп качып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Азырынча УКМК төрагасынын айткандарына жооп бере элек.