Бишкекте жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду

Бүгүн, 18-декабрда саат 01:00дөр чамасында Бишкекте жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка караганда, жол кырсыгы Ахунбаев көчөсүндө катталып, анда Хонда СRV үлгүсүндөгү унаа тосмону сүзүп, оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 19 жаштагы К.Б. аттуу жаран алган жараатынан каза тапкан. Ал эми жанындагы жүргүнчү да денесинен ар кандай  жарааттарды алган. Медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча алардын спирт ичимдиктерин ичишкени аныкталды. Учурда унаа айып жайга токтотулуп, маалыматтар Бишкек ШИИББинин Жол кырсыктарын иликтөө бөлүмүнө берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан