Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында жаңы перинаталдык борбордун курулушуна старт берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Маалымдалгандай, имарат 75 аялга ылайыкталып, 4 төрөт залы болот.
Капсула салуу иш-чарасына облус башчысы Абсаттар Сыргабаев менен ЖК депутаты Айбек Маткеримов катышкан. Алар борбордун курулушу төрөт кызматтарын жакшыртарына ишеним артышты.
Кошумчалангандай, перинаталдык борборго бюджеттен 220 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн.
Курулушту ушул жылдын аягында же кийинки жылдын башында бүткөрүү мерчемделген.