Былтыр декабрда өлкөгө 19 Кыргыз жаранынын сөөгү алынып келди

Тышкы иштер министрлиги 2023-жылдын декабрь айында чет өлкөлөрдө каза болгон 19 Кыргыз жаранынын сөөгүн мекенине алып келүүгө жардам берди. Бул тууралуу мекеменин былтыркы жылдын декабрь айындагы иши тууралуу маалыматта айтылат.

Маалыматка ылайык, чет өлкөлөрдө Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, 2023-жылдын декабрь айында министрликтин жетекчилиги астында Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан төмөнкүдөй иштер аткарылды:

  • чет өлкөдө жүргөн Кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо маселелери боюнча барган өлкөлөрдүн бийлик өкүлдөрү менен 81 жолугушуу өткөрүлдү;
  • 26 762 консулдук кызматтар жана консулдук иш-аракеттер көрсөтүлдү;
  • консулдук-укуктук чөйрөдө жарандардын 764 кайрылуусу каралды;
  • консулдук-укуктук маселелер боюнча 11 952 кишиге консультация берилди;
  • Кыргызстандын жарандарынын катышуусу менен кырсык болгон жерлерге, чет мамлекеттердин укук коргоо жана сот органдарына, ооруканаларга жана моргдорго 110 консулдук чыгуулар уюштурулду;
  • Кыргызстандын 181 жаранына чет мамлекеттин аймагында жүрүүсүн мыйзамдаштырууга жардам көрсөтүлдү;
  • Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн көмөгү менен административдик жоопкерчиликтен Кыргыз Республикасынын 64 жараны, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен 3 жаран бошотулду, ошондой эле 8 мекендешибиздин жасаган укук бузуулары үчүн жоопкерчиликтери жеңилдетилди;
  • консулдук кызматкерлер Иран, Казакстан, Кытай жана Орусиянын сотторунда Кыргызстандын жарандарынын кызыкчылыгы үчүн 23 соттук отурумга катышты;
  • Анталия (Түркия), Астрахань (Орусия), Балашшадьярмат (Венгрия), Будапешт (Венгрия) шаарларындагы, ошондой эле Стамбул провинциясындагы (Түркия) түзөтүү мекемелерине консулдук чыгуулар уюштурулуп, анын жүрүшүндө Кыргызстандын жараны болгон алты камактагылар менен консулдук жолугушуулар өткөрүлдү;
  • Екатеринбург (Орусия), Сургут (Орусия) шаарларындагы жана Стамбул провинциясындагы (Түркия) депортация борборлоруна консулдук чыгуулар уюштурулуп, анын жүрүшүндө кабыл алуучу мамлекеттен депортацияны күтүп жаткан мекендештер менен жолугушуулар өткөрүлдү;
  • Орусиянын Самара, Белгород жана Астрахань облустарында, ошондой эле Тбилиси (Грузия) жана Тараз (Казакстан) шаарларында Кыргызстандын жарандары үчүн жеринде консулдук кызмат көрсөтүлдү;
  • Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлерде жүргөн 96 адамдан (31 аял киши и 65 бала) турган Кыргыз Республикасынын жарандарын репатриациялоо боюнча "Айкөл-4" кезектеги гуманитардык миссиясы ишке ашырылды;
  • Газа тилкесинен (Палестина) Кыргызстандын эки жаранын эвакуациялоо маселеси иштелип чыкты;
  • оор абалда жаткан Кыргыз Республикасынын үч оорулуу жаранына Италиядан, АКШдан жана Түркиядан мекенине кайтууга жардам көрсөтүлдү;
  • чет өлкөдө каза болгон 19 Кыргыз жаранынын сөөгүн Кыргызстанга алып келүүгө жардам көрсөтүлдү;
  • диаспоралар менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү максатында чет өлкөлөрдө кыргыз диаспора уюмдарынын жана коомдук бирикмелеринин катышуусунда 64 иш-чара өткөрүлдү;
  • чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиздин диаспора уюмдары менен бирикмелеринин атынан келген экинчи Элдик курултайдын делегаттарынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы менен жолугушуу уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан