Жалал-Абадда ишкерди өлтүрүүгө буйрук берилген. Шектүүлөр кармалды

Жалал-Абад облусунда каракчылык жана адам өлтүрүү фактылары алдын алынды. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Ички иштер министрлиги маалымдады.

Жалал-Абад облусунун тургунунун үйүнө кол салуу 13-январда болгон. Кол салгандар акча жана башка баалуу буюмдарды алып качууну пландаштырышкан. Атайын операциянын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр, анын ичинде оор кылмыштын уюштуруучусу да кармалган.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери даярдалып жаткан каракчылык жана буйрутма киши өлтүрүү фактылары тууралуу маалыматты ыкчам каналдар аркылуу алдын ала билишкен.
Уюштуруучу кылмышка даярдануу максатында өзүнүн тааныштарынын, анын ичинде мурда соттолгондорду кылмышка шерик катары издеп, аларга ири өлчөмдөгү акчалай сыйлык берүүнү убада кылган. Ал акча жана алтын буюмдар сакталган жерлерди көрсөтүп, үйгө кирүү учурунда кандай аракеттерди көрүү керектигин түшүндүрүп берерин ишендирген.
Топтолгон материалдардын негизинде кылмыш иши козголду.
Тоноо жана киши өлтүрүүнү уюштуруу фактысына шектүү мурда соттолгон жаран экени аныкталган.
"Ички иштер органдарынын кызматкерлерине пландалган кылмыштын айрым чоо-жайы, анын ичинде үйгө кантип кирип кол салуу болорун жана кайсы убакытта болору белгилүү болгон.
Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кылмыш иликтөө кызматкерлери каракчылык болгон жерге жакын жерде кылмышка шектүүнү кармоону уюштурушкан.
Кылмыш болгон жерден кол салгандарды кармоо максатында атайын операция жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында 13-январь күнү жеке турак жайга кирип, каракчылык жасап жаткан жеринен Ш.В. жана К.Р. аттуу жарандар кармалды", - деп билдиришти ИИМден.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан