Ошто Портер менен шаар аралай качкан айдоочу кармалды (видео)

Ошто МАИ кызматкерлерине баш ийбей, качууга аракет кылган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 14-январда болжол менен саат 10:00 чамасында орун алган. Анда Ош шаардык кайгуул кызматкерлери Хундай Портер үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Бирок айдоочу кызматкерлерге баш ийбей, унаасын токтотпой, качып жөнөгөн.

Артынан кууп жүрүп, акыр аягы кармашып, айдоочуга карата айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаргандыгы жана баш ийбегендиги үчүн 2 протокол толтурулуп, унаасы айып короо жайына киргизилген.

Видео: ЖКККББнын басма сөз кызматы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан