
Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борбору өлкөнүн фокустук саламаттык уюму катары тандалып алынып, эл аралык Global Initiative for Childhood Cancer - Балдар онкологиясы менен күрөшүү глобалдык демилге программасына кирди. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул программа Кыргызстанга балдардын рак оорусун диагностикалоонун жана дарылоонун сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле арзан жана керектүү дары-дармектерге жана технологияларга жеткиликтүүлүк, онкологиялык ооруга чалдыккан балдардын үй-бүлөлөрүн социалдык колдоо жакшырат.
"Демилге 2030-жылга чейин балдардын рак оорусунан сактануу деңгээлин кеминде 60 пайызга чейин жогорулатууга багытталган", - деп айтылат маалыматта.