Палестинага кыргыз элинин атынан гуманитардык жардамды жеткирүүдө өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ишке ашырды.
Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Палестинанын Жарандык коргонуу башкы деректаратынын башчысы Алабед Ибрагим Абдул Салам ХАЛИЛ менен телефон аркылуу байланышып, гумжардамды топтоодо эң зарыл болгон муктаждыктарды талкуулашкан.
Ага ылайык, Палестинанын министри качкындардын лагеринде таза суу, тамак-аш жана дары-дармек тартыштыгы күч алганын билдирген.
"ӨКМ Кыргызстандын атынан азык-түлүк, ичүүчү суу, төшөнчү жана бут кийим түрүндөгү 5,5 тонна гуманитардык жардамды Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министрлиги менен биргеликте 2023-жылдын 22-23-декабрь күндөрү жеткирди. Москва шаарынан учкан жүк ташуучу учак Газа тилкесине чектеш Египеттин аба майданына конуп, гумжардам Кызыл Жарым ай коомунун ыктыярчыларына тапшырылган", - деп айтылат маалыматта.
Соңку маалыматтарга ылайык, Газага карата Израил армиясынын абадагы жана жердеги куралдуу операцияларынан улам кеминде 23 000 адам каза таап, 57 миңден ашуун адам жаракат алган. Бул сан күндөн-күнгө өсүүдө. Шаардын 60 пайыз инфраструктурасы кыйрап, качкындардын лагеринде тамак-аш, дары-дармек жана суунун жетишсиздигинен улам ачарчылык кескин түрдө күч алган.
Ал эми Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму гуманитардык крисиз, аймакта жугуштуу оорулардын көбөйүшүнө алып келип жаткандыгын айтып, коңгуроо кагууда.