Өлкөдө баласын кызамыкка каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелердин саны 22 миңге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 17-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Бейшеналиев бул оорудан 9 бала чарчап калганын айтты.
"Диний түшүнүгүнөн улам кызамыкка каршы эмдөөдөн баш тарткандар көп болууда. Министрлик бул маселе боюнча Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы менен иштешип жатат", - деди ал.
Бейшеналиев былтыр ноябрда өлкөдө баласын кызамык оорусуна каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 16 миңге жеткенин айткан.
Министрликтин ноябрдын соңундагы маалыматына ылайык, жыл башынан бери кызамык менен ооруган 4 484 учур аныкталган.