Алайда дайынсыз жоголгон жарандын жансыз денеси табылды 

Алайда өткөн жылдын 19-декабрынан бери дайынсыз жоголгон жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, былтыр 19-декабрда Жаңы-Алай айылынын Жаңы-Конуш көчөсүнүн тургуну 1985-жылы туулган А.И. аттуу эркек киши үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 102 кызматынан 21-декабрь күнү түшкөн.
Ага ылайык, бүгүн, 17-январда издөө иштерин улантуу максатында Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан авариялык-куткаруу унаасы менен 4 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган.
Издөө иштеринин натыйжасында куткаруучулар саат 12:24 чамасында дайынсыз болгон жарандын сөөгүн табышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан