Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин легалдаштыргандыгы үчүн экс-премьер-министрдин жакын тууганы болгон М.У.Д. аттуу жаранга издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
УКМКнын маалыматына ылайык, ал криминалдык авторитет Камчы Көлбаевдин кылмыштуу иш-аракеттерин билип туруп 2018-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү менен активдүү иш жүргүзүп келген.
"Ал Көлбаев менен Ысык-Көл облусунда «Каганат» пансионатынын аймагында жайгашкан «Фламинго Бэй» ресторанына жана Чолпон-Ата шаарынын аймагында жайгашкан «Белый» түнкү клубуна ээлик кылган. Ошондой эле Көлбаевге таандык болгон "Ордо" соода борборунун 3-кабатына оюн-зоок комплексин салууну пландап, акчасын жумшаган", - деп билдиришти УКМКдан.
Мындан тышкары УКМК ал Бишкектеги «Асман», «Social Coffe», «Urban», «Sushi Room», «Red cow», «Cakes/bubbles», «My shisha», «Aroma», «Тесто Место» сыяктуу элиталык мекемелерди тейлеген ресторан бизнесинин башкаруучу компаниясына ээ экендигин билдирди.
УКМК ошондой эле аталган жаран Дубай менен Алматынын элиталык райондорунда жайгашкан ресторандарды башкарган "Aiza Hospitality" компаниясына ээ экендигин кошумчалады.
Кечээ, 17-январда ага издөө жарыяланды.
SUPER.KG порталына өздүк булактар издөөгө алынган жаран мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун жакын тууганы экенин билдиришти.