"10 күндөн кийин берем". Жалал-Абадда алдамчылыкка шектелип чет элдик жаран кармалды

Базар-Коргон районунда алдамчылыкка шектелип коңшу өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Жалал-Абад ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-январда райондук милицияга Н.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал былтар 10-октябрда М.У. аттуу адам ишеничине кирип, 10 күндүн ичинде беремин деген убада менен Мерседес-Бенц 200Е үлгүсүндөгү автоунаасын 130 миң сомго баалап алганын айткан. Бирок, шектүү акчасын бербестен ар кандай шылтоолорду айтып качып жүргөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Иликтөөдө шектүү коңшу өлкөнүн 36 жаштагы М.У. аттуу жараны экендиги жана коңшу өлкөнүн мыйзамына ылайык издөөдө жүргөндүгү аныкталган.
Шектүү кечээ,17-январда Базар-Коргон районунун аймагында кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан