ЖКда гендик модификацияланган организмдерди камтыган азыктарга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоору жактырылды

Кечээ ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында "Кыргыз Республикасында гендик модификацияланган организмдерди (ГМО) камтыган азыктарды өстүрүү, өндүрүү, алып кирүү жана сатууга тыюу жөнүндөгү» мыйзам долбоору 1-окууда жактырылганын ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.  Маселенин маанисин түшүндүргөн депутат Эркингүл Иманкожоева мындай дейт: "Гендик модификацияланган азыктар эле эмес, ошол аралашмалары бар үрөндөр дагы жергибизде себилип кеткен. Мунун өзү калк саламаттыгына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан сырттан ташылып келип жаткан зыяндуу кошулмалары бар азыктарды өлкө аймагына киргизбөө керек. Анын ордуна экологиялык жактан таза, жергиликтүү шартта өстүрүлгөн азыктарды колдонуп, аларды кайра иштетүү жагын колго алышыбыз зарыл". Аталган мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири Элмира Жумалиева кошумчалагандай, адал деп сатылып жаткан «Халал» колбасаларында, консерваланган буурчак, фасоль, жүгөрү сыяктуу азыктардын бардыгында ГМО кошулмалары кезигет.                                                                        
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан