Аламүдүн районунун Алма-Ата көчөсү менен Айланма унаа жолунда жайгашкан цехтен өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, өрттү өчүрүүгө саат 03:41 чамасынан тарта жалпы 5 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.
"Тилсиз жоо саат 04:56 чамасында чектөөгө алынып, саат 05:58де толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты 360 чарчы метрди түздү", - деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, өрт өчүрүүчүлөр цехтин ичинен 10 кислород баллонду сыртка чыгарышып, анын жаралышынын алдын алышкан.
Такталган маалымат боюнча, темир буюмдарын өндүргөн цехтен чыккан өрттөн жабыркагандар жок. Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.