Быйылкы жылы дүйнөдө кайсы түс мода болот?

Түс боюнча дүйнөлүк белгилүү "Pantone" компаниясы 25 жылдан бери дизайн, мода жана сулуулук тенденцияларынын өңүн аныктоо үчүн жылдын түсүн тандап келет.

Жыл сайын Pantone институтунун келерки жылдын түсүн жарыялоону дизайнерлер, мода дизайнерлери, графикалык дизайнерлер, интерьер декораторлору гана эмес, визажисттер менен тырмак жасоочулар да чоң кызыгуу менен күтүшөт. Pantone 2023-жылдагы оптимизмди жана кубанычты чагылдырган кызгылт сары (peach fuzz) өңдү тандады. Бул жылуу жана жагымдуу түс сиздин гардеробуңуздан үйүңүздүн жасалгасына чейин камтып, жашоонун жаркын элесин чагылдырып турат.

Кызгылт сары (Peach Fuzz) 2024-жылдын мода түсү эле эмес, ал жаштыктын энергиясы жана эскирбес элеганттуулук менен шайкеш келет. Кызгылт сары түс мода, интерьер дизайны, макияж жана тырмак индустриясы үчүн идеалдуу тандоо болуп саналат. Мында чыгармачылык жана өзгөчөлүк негизги ролду ойнойт.

Кызгылт сары (Peach Fuzz) өңдүн өзгөчөлүктөрү

Pantone аналитиктеринин айтымында, кызгылт сары жана кызгылт түстөр менен айкалышкан ачык кызгылт сары түсү жумшактыкты өзүнө жана башкаларга камкордукту билдирет. Назиктикти жана тынчтыкты сезүү үчүн ал түстү бир карап коюу жетиштүү.

Аталган түс кийим жана аксессуарлар үчүн ар тараптуу тандоо кылып, тери өңдөрүнүн кеңири спектрин толуктап турат. Кызгылт сары түстү жаз-жай коллекцияларында жеңил кездемелерден көрүүгө болот. Ал эми, күз-кыш мезгили үчүн ал жүн жана баркыт сыяктуу оор кездемелерге жылуу сезимдерди кошо алат. Бул түс спорттук модада кызыктуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Аны стилди функционалдуулук менен айкалыштырган модалуу, ыңгайлуу кийимдерди жасоо үчүн колдонсо болот.

Pantone командасы жыл сайын жылдын түсүн тандайт. Ал мода тенденцияларына жана дизайн чечимдерине негиз болот. 2021-жылы команда эки түстү тандашкан - Ultimate Gray жана Lighting Yellow, алар оптимизмди, туруктуулукту жана ишенимдүүлүктү билдирет.

Ал эми 2022-жылы Very Peri (17-3938), жумшак көк-кызгылт көк түстү тандаган. Ал өткөөл мезгилди билдирет. Башкача айтканда, коронавирус илдетин баштан өткөрүп жаткан өткөөл мезгилди чыгылдырат. Ал эми 2023-жылы кызгылт-кызыл (фиолетово-красный) Viva Magenta түсү тандалган. Ал төрдү башкарган - энергиялуу, шыктандырган жана бардык жаңы нерселерге болгон каалоону чагылдырган түс болуп саналган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан