“Жыл сайын үй-бүлөм менен белгилейм”. Ырчы Жийдеш Идирисова 39 жашка толду

Бүгүн, 19-январда эстрада ырчысы Жийдеш Идирисова туулган күнүн белгилөөдө. Ырчыны куттуктап байланышканыбызда, өздүк майрамын үй-бүлөсү жана жакындарынын курчоосунда өткөрө турганын айтты.

“Бул күндү жыл сайын үй-бүлөм, жакындарым менен белгилейм. Эң алгач кыздарым жана жолдошум куттуктады. Улуу кызым торт жасап берип сүйүнтсө, кичүүсү өзү тарткан сүрөттү белек кылды. Ал эми жолдошум кечээ тоого чыгарып эс алдырып келди. Ыраазымын. Ошондой эле социалдык тармактан куттуктап жаткан досторума да өзгөчө ыраазычылык билдирем!”, - деди ал.

Жийдеш Идирисова 1985-жылы 19-январда Нарын шаарында туулган. Ал алгач “Эдем алмасы" аттуу тасманын саундтрегин аткарып, эл оозуна алынган.

"Артек" музыкалык тобунда 6 жылдан ашык иштеп, андан соң "Сен" деген ыры менен жеке карьерасын баштаган.

2015-жылдын 19-декабрында Түркиянын Стамбул шаарында өткөн "Turkvizyon 2015" эл аралык сынагынын гранд-финалында мамлекетибиздин атынан чыккан ырчы Жийдеш Идирисова "Ким билет?" аттуу ырды аткарып, 1-орунду ээлеген.

Ырчы жолдошу Андрей Доргайга турмушка чыккандан 6 жыл өткөндөн кийин никесин мыйзамдаштырып, үлпөт той өткөргөн. Түгөйлөрдүн ортосунда Севара жана Адэл аттуу кыздары бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан