Кытайда мектеп жатаканасынан чыккан өрттөн кеминде 13 адам каза болду 

Кытайдын Хэнань провинциясында мектеп жатаканасынан чыккан өрттөн кеминде 13 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 19-январда жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:00дө Яньшаньпу айылындагы мектеп жатаканасынан өрт чыккан.

"Өрт 38 мүнөттөн кийин өчүрүлгөн. Анын кесепетинен кеминде 13 адам каза болуп, 1 адам жаракат алган. Ал ооруканада, абалы туруктуу. Өрттүн себептери такталууда", - деп жазылат анда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан