22-январда Катардын Доха шаарында Кыргызстандын Улуттук күнү, ал эми 23-25-январь күндөрү Кыргызстандын Маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара “ЭКСПО-2023 Доха” жарманкесинин алкагында уюштурулуп жатат. Анда Кыргызстандын Улуттук күнүндө кыргыз элинин бай маданияты сунушталып, келгендер кыргыз боз үйү, кыргыз элинин зергер буюмдары, байыркы кыргыз жоокерлеринин соот-шаймандары, кыргыздын салттуу жана заманбап кийимдери, улуттук-тамак ашы жана башкалар менен тааныша алышат.
Ал эми Кыргызстандын маданият күндөрү Катар мамлекетинин Доха шаарындагы Лусаил Бульварында Кыргызстандын павильонунда өтөт.