Бишкекте опузалап акча талап кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-январда милицияга К.А. аттуу калаа тургуну арыз менен кайрылган. Жабырланучу 9-январда белгисих жаран Иса Ахунбаев жана КасымТыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары таныштырып, эч себепсиз акча талап кылышкан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесине (Опузалап акча талап кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2003-жылы туулган Т.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
"Шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлоону суранабыз: 0(707) 525 222, 0(700) 065 005 же 102", - деп айтылат билдирүүдө.