Коңшу Өзбекстанда той учурунда болгон кайнененин окуясынан кийин кызды ата-энеси кайра үйүнө алып кетип калышкан. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Видеодон көрүнгөндөй, той учурунда келин кайненесине жүгүнгөн. Бирок кайнене өзүнүн нааразычылыгын айтып, кызды андан да төмөн ийилип жүгүнүүгө мажбурлайт.
Видеодон кайнене келинге болгон жек көрүүсүн коомчулукка кантип көрсөтүп жатканын көрүүгө болот. Келиндин "Келин салам" ырымын жасаганы кайненеге жакпай калган.
Басылма бул окуядан кийин келиндин ата-энеси кызын үйүнө алып кеткенин жазды.