УКМК "Таза Конок" муниципалдык ишканасынын жетекчисин кармады

"Таза Конок" муниципалдык ишканасынын жетекчиси, ошондой эле Сокулук районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаты тарабынан документтерди жасалмалоо жолу менен алдамчылык фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Такталгандай, муниципалдык ишкананын жетекчиси жасалма документтерди жасап, башка адамдар менен сүйлөшүп алып, анын атына башка бирөөнүн кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз каттатып алганы, кийин үчүнчү жактарга сатылганы аныкталган.

17-январда УКМК тарабынан "Таза Конок" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т.Э. аттуу жаранга карата кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (документтерди жасалмалоо), 209-беренеси (алдамчылык) жана 212-беренеси (башка бирөөнүн жерин өзүм билемдик менен басып алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

"Учурда ал УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан