“Атамды жоготкондон кийин бир топ өзгөрдүм” дейт Мыктыбек Мукаев

Алып баруучу, юморист Мыктыбек Мукаев атасын жоготкондон кийин бир топ өзгөргөнүн, "өзүнө чоң жоопкерчилик алганын" SUPER.KG порталына берген маегинде айтты.

"Ата-эне түбөлүктүүдөй эле боло берет экен. Атамды жоготкондо жан дүйнөмдө бир боштук пайда болгондой болду. Бирок аны кабыл алып, бир топ өзгөрдүм. Мурунку Мыкы менен азыркы Мыкынын айырмасы бар. Мисалы, мурун тамеки чекчүмүн. Атамды жоготкондон кийин ал адатты таштадым. Ден соолугума карап, жакындарыма көбүрөк көңүл бөлгөнгө аракет кылып жатам. Жакшы учурларды алар менен бирге өткөргүм келет", - деди Мыктыбек Мукаев.

Толугу менен SUPER.KG порталынын You Tube каналынан көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан