"Түндө элдин баарын дүрбөтүп, ойготтук окшойт". Актёр Мыктыбек Мукаев 30 жашка толду

Тамашоучу, алып баруучу, актёр, Мыкы деген лакап аты менен таанылган Мыктыбек Мукаев бүгүн, 23-январда 30 жашка толду.

Ал быйылкы туулган күнү өзгөчө башталганын айтып, жакындары менен өздүк майрамын белгилээрин билдирди.

"Туулган күнүм кандай башталганын бүт Кыргызстан билсе керек. Түндө элдин баарын дүрбөтүп, ойготуп койдук окшойт. Бул жашым титиретип кирип келди. Жакындарыма тамашалап "30 жыл мурун ата-энем будильник коюп койгон окшойт, ошол түндө шыңгырады" дедим.

Алгачкылардан болуп достор, жоро-жолдошторум куттуктады. Үйдөгүлөр чалышты, мен да аларды куттуктадым. Өздүк майрамымда чакан кече уюштуруп өткөрөйүн деп жатам", - дейт ал.

Мыктыбек Мукаев 1994-жылы 23-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө 6 бир тууган. 2012-жылы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин машина куруу факультетине тапшырып, аны 2016-жылы аяктаган. Ал эми 2011-жылдан тарта күлкү дүйнөсүнө аралашып, университетте окуп жүргөндө орус тилинде өтчү КВНде ойноп баштайт. Кийин кыргыз тилдүү оюндарга катышууну чечип, "Тамашоу" долбоорунун 5-сезонуна "Политех" курама командасы менен чыккан.

Ал 2018-жылы "Эң Мыкы шоу" аттуу көңүл ачуучу көрсөтүүсүн негиздеген. Ошондой эле "Эрке Сары", "Бешбармак", "Кошунаны тандабайт", "Алтын кошуналар", "Особняк" жана "Эгиз" кино-сериалдарда автор, актёр катары да катышып жүргөн.

23-январдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан