1-2-февралда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбековдун шоу концерти өтөт. Бул туурасында өзү менен байланышканыбызда маалым болду.
"Концерт коюу үчүн жылда ушул күндөрдү тандап алабыз. Жаңы чыгармалар болот. Башка ырчылар да ырларын тартуулашат, алардын атын айтпай турайын", - деди ырчы.
Концерт Бишкектен соң Жалал-Абад, Ош шаарларында, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарында болорун кошумчалады.
Белгилей кетсек, Гүлжигит Сатыбековдун шоу концерти 1-2-февралда Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт.