Орусиянын Белгород облусунда кулаган ИЛ-76 аскердик-транспорттук учагынын учкучу учак күйүп жаткан маалда учакты Яблоново айылынан алыстатууга жетишкен. Бул тууралуу SHOT телеграм каналы жазды.
Маалыматка ылайык, учакты Украинанын ракеталары атканы кабарланууда. Учак күйүп баштаган маалда учкуч учакты айылдан алыстатып барып, талаага кулап түшкөн.
Белгород облусунда кыйраган учак тууралуу маалыматты Орусиянын Коргоо министрлиги тастыктады. Аскердик ведомствонун маалыматы боюнча, ИЛ-76 учагынын бортунда Украинанын куралдуу күчтөрүнүн туткунга алынган 65 аскер кызматкери, ошондой эле алты экипаж мүчөсү жана үч коштоп жүргөн адам болгон. Туткундарды бүгүн алмаштыруу пландалып жаткан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, бардыгы каза болгон. Учак кырсыгынын себептерин аныктоо үчүн окуя болгон жерге атайын комиссия барды.