Орусияда ММА мушкери мышыкты сактайм деп 10-кабаттан кулап кетти

ММА мушкери Магомед Зайналов Ростов-на-Дону шаарындагы көп кабаттуу үйдүн 10-кабатынан кулап, ооруканага түштү. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Жубайынын айтымында, Магомед алар жакында эле ижарага алган батиринде багып алган мышыгын куткарып жатып кулап кеткен. Мурунку түнү жаныбар коркуп, балконго чыгып алган. Мушкер аны кармап алып түшөм деп, бирок мышыкка жетпей 10-кабаттан кулап кеткен.

Учурда дарыгерлер анын бутун сактап калуу үчүн күрөшүп жатышат.

Мушкердин буттарынан тышкары жамбаш сөөгү да жабыркаган. Зайналов келишим түзгөн "Хардкор лигасы" буга чейин операцияга жана дарыланууга каражат маселесин чечүүнү убада кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан