Алматы зоопаркы 23-январга караган түндө болгон жер титирөөдө жаныбарлардын чуу түшкөн видеосун социалдык баракчасына жүктөп, кандай реакция кылышканын айтты.
Маалыматка караганда, түндө зоопаркта кароолчу менен ветеринар гана болгон.
Алар жер силкинүү баштала элекке чейин жаныбарлар тынч болгонун, кырсык болгондон кийин башаламан боло түшүшкөнүн айтышкан.
"Карышкырлар уулуп, канаттуулар чуу жараткан. Таң эрте кызматкерлер бурчта коркконунан кучакташып отурган маймылдарды көрүшкөн", - деп айтылат маалыматта.