Казакстандык саяпкер аргымагын 1 миллион долларга сатпай койгонун айтты 

Коңшу казакстандык саяпкер өзүнүн "Кабирхан" аттуу аргымагы Дубайдагы престиждүү жарышта чемпион болгонун, андан кийин арабдар аргымакты 1 миллион долларга сурашканын "Ultsportkz" ютуб каналына берген маегинде айтты.

Тлек Мухамбеткалиев беш жылдан бери ат спорту менен алектенет. Дубайда өткөн эки миң метрге чуркоодо 13 аттын ичинен анын "Кабирхан" аттуу аргымагы биринчи келген. Мындан улам жергиликтүү ишкерлер аргымак үчүн ага чоң сумма сунушташкан.

"Кабирханды" сатууну сурангандар болгон. Орусиядан дагы сунуштар болду. Атүгүл мага 1 миллион доллар сунушташкан. Бирок мен баш тарттым. Бул анын биринчи мелдеши болду. Ал алдыдагы мелдештерди ушундай маанайда улантат деп ишенем", - деди аргымактын ээси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан