АКШда абактагы адам биринчи жолу азот менен өлүм жазасына тартылды

Кечээ, 25-январда АКШда биринчи жолу өлүм жазасы таза азотту колдонуу менен ишке ашырылды. Адам өлтүргөнү үчүн камалган 58 жаштагы Кеннет Смитти өлүм жазасына тартуу иши Алабама штатынын Атмор шаарында болгонун Alabama Local News гезити жазды.

Маалымдалгандай, Кеннет Смит Алабама түрмөсүндө 20:25те кычкылтектин жетишсиздигин пайда кылуу үчүн маска аркылуу таза азот менен дем алгандан кийин каза болгон.

Бул ыкмада адамдын оозу жана мурду атайын маска менен жабылат. Андан кийин азот газы маскага киргизилет. Адам кадимкидей дем ала берет, бирок акырындык менен азот өпкөдөн кычкылтекти сүрүп чыгарат – адам тез эле эсин жоготуп, анан жүрөгү токтоп калат.

Американын бийлиги соттолгон адамдын физиологиялык өзгөчөлүктөрүнөн улам мурда колдонулбаган өлүм жазасына тартууга аргасыз болгон. 2022-жылдын ноябрында Смитке өлүмгө алып келүүчү инъекциялар берилмек болгон. Бирок ага капельницаны коё алышпаганына байланыштуу акыркы мүнөттөрдө жокко чыгарылган.

Америкада өлүм жазасынын бекитилген беш ыкмасы колдонулат. Алар: өлүмгө алып келүүчү инъекция, электр тогу, өлтүрүүчү газ, дарга асуу жана атуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан