№1 колонияны тинтүүдө соттолгондор тополоң чыгарды (фото)

Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери тарабынан №1 түзөтүү абагында соттолгондордун топтук баш ийбөө фактылары ыкчам түрдө аныкталып, токтотулду. Бул тууралуу ЖАКтын басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 26-январда №1 түзөтүү мекемесинде болжол менен 50-60 адамдан турган соттолгондордун тобу мекеменин кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбестик көргөзгөн иш-аракеттерине өз убагында бөгөт коюлду.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам жана режимдик иш-чаралардын натыйжасында, анын ичинде жалпы тинтүү, топтун баш ийбөөчүлүгүнүн башкы уюштуруучулары жана үгүттөөчүлөрү аныкталып, обочолонду.
Иш-чаранын жүрүшүндө 11 грамм баңги заты, 22 уюлдук телефон, 120 даана кесүүчү-сайуучу буюмдар, курамында спирт бар колго жасалган 1 литр зат жана 146 даана ар кандай буюмдар табылып алынды.
"Аталган фактылар боюнча каттоо жүргүзүлүп, тергөө иштери башталды. №1 түзөтүү мекемесинде кырдаал туруктуу, мекеме штаттык режимде иштеп жатат.
Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан соттолгондордун кылмыштуу уюмдарына жана башка деструктивдүү топторуна каршы күрөшүү, ошондой эле пенитенциардык мекемелердеги жазык-криминалдык субмаданиятты жоюу боюнча системалуу иштер улантылууда", - деп билдиришти ЖАКтан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан