Бишкектеги №46 мектептин жанынан жансыз дене табылды

Бүгүн, 27-январь күнү саат 10:00дөр чамасында Бишкектеги Фере көчөсүнөн 50-55 жаштар чамасындагы эркек адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, окуя болгон жерге дароо РИИБдин тергөө-ыкчам тобу жөнөп кеткен. Алар каза болгон адамдын өздүгүн такташкан, ал 1962-жылы туулган А.М. аттуу жаран болгон. Текшерүү учурунда маркумдун денесинен жаракаттар табылган эмес.

Аталган факт Свердлов РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Учурда тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарынын негизинде бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Социалдык тармактарда жансыз дене №46 мектептин жанынан табылганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан