
Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Ысык-Ата районунун тургуну ИИМдин каттоосунда турган Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү 1984-жылы туулган Э.Ж. аттуу жаран, буга чейин түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жатып Грузиянын тургуну, кылмыш дүйнөсүндө статусу бар, Кыргыз Республикасынын, Орусиянын жана Грузиянын аймагында бир нече жолу соттолгон 1973-жылы туулган С.И. аттуу жараны менен жакын болуп калган.
Өткөн жылдын октябрь айында Э.Ж. кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатын көздөп Кыргызстан аймагынан Түркия тарапка чыгып кеткен.
Ага карата кылмыш-жаза кодексинин 262-беренесинин 1-бөлүмү (кылмыштуу шериктикти түзүү же ага катышуу) менен кылмыш иши козголуп, мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.
"Ыкчам маалыматтарга ылайык, Э.Ж. Түркиянын жана Грузиянын аймактарында чет өлкөлүк криминалдык лидерлер менен жолугууну көздөгөн, бирок ал кармалып, Түркиянын укук коргоо органдары көмөктөшүп 27-январда Кыргызстанга алынып келинди.
Ал кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү жана маркум Чыңгыз Жумагуловдун ("Дөө Чынгыз") жакын адамы болгон, ошондой эле криминалдык дүйнөдө макамга ээ", - деп билдиришти ИИМден.
Учурда, Э.Ж. ИИМдин Тергөө башкы башкармалыгына жеткизилип тергөө иштери жүрүп жатат.