Испаниянын "Барселона" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Хави сезон аяктагандан кийин кызматтан кетет. Бул тууралуу ал "Вильярреал" клубу менен болгон беттеште командасы жеңилгенден кийинки маалымат жыйынында билдирди.
Хави 30-июнда кызматтан кетерин тактады. Мындай чечим "Барселонанын" президенти Жоан Лапорта, ошондой эле спорттук комиссиянын мүчөлөрү жана клубдун кызматкерлери менен сүйлөшүүдөн кийин кабыл алынган.
Хавинин айтымында, "Барселонадагы" азыркы кырдаал жаңы багытты талап кылат. Клуб "динамиканы өзгөртүүгө муктаж" деп баса белгиледи машыктыруучу.
Кечээ, 27-январда Испания чемпионатынын 22-турунун алкагында "Барселона" "Вильярреалды" кабыл алып, 3:5 эсебинде утулуп калды. Кийинки жолу Хавинин командасы 31-январда "Осасуна" командасы менен беттешет.