Футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Испаниянын Барселона шаарында окуу-машыгуу жыйын өткөрөт. Бул тууралуу футзал федерациясы кабарлады.
Жыйын 29-январда башталып, 10-февралга чейин уланат. Анын алкагында курама жергиликтүү клубдар менен бир нече контролдук беттештерди өткөрөт.
Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Луис Бернат Молина жыйынга 15 талаа оюнчу жана 3 дарбазачы чакырды, анын арасында Кыргыз жарандыгын алып жаткан Филипе Де Соуза дагы бар.
Ошондой эле, машыктыруучулар штабынын курамында да өзгөрүүлөр орун алды. Испаниялык адис Марк Сагрера жаңы дарбазачылардын машыктыруучусу болуп дайындалды.
Бул окуу-машыгуу жыйын 2024 жылы 17-28 апрель күндөрү Таиландда өтө турчу Азия Кубогуна даярдыктын экинчи этабы болуп саналат.