Баткенде Ford Focus унаасы бир адамды өлтүрө сүзүп, айдоочусу качып кеткен. Ал кармалды

Баткен облусунун Кадамжай районунда Ford Focus унаасынын айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 28-январь күнү саат 03:00 чамасында Үч-Коргон айыл аймагынын Кызыл-Кыя – Кулатов унаа жолунун 1-чакырымында 1975-жылы туулган К.К.К. аттуу жаран жолдун жээгинде турган учурда белгисиз унаа сүзүп кеткен. Жөө жүргүнчү ошол жерден каза болгон.

Мындан улам Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү "Перехват" планын жарыялап, шекүү айдоочу кармалган. Ал 2002-жылы туулган К.у.М аттуу жаран болгон.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан