Жер тилкесин мыйзамсыз берүүгө жана сатууга байланышкан коррупциялык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1991-жылы 16-майда Аламүдүн райондук кеңешинин депутаттарынын токтому менен Чүй ОИИББинин күзөт бөлүмүнө спорт аянтчасы менен болгон эс алуу аймагы үчүн Аламүдүн районунан 5,7 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген. Бирок чечим ишке ашкан эмес.
"Лебединовка айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жана башка кызмат адамдары өз ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, аталган тилкеден 4,3 гектар жерди жеке адамдарда мыйзамсыз сатып жиберишкен. Бул жер тилкеси 2006-жылдын ноябрында 95 миң сомго бааланып сатылып кеткен", - деп айтылат маалыматта
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесине (Коррупция) ылайык кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.