Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы Болгарияда өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.
Маалымдалгандай, таймаштар аталган өлкөнүн София шаарында 2-февралдан 12-февралга чейин өтөт.
Курама команданын тизмеси:
Анваржан Хождиев – 48 килограмм;
Бекзат Эргешов – 51 килограмм;
Руслан Эрнест уулу – 54 килограмм.;
Ислам Төрөбаев – 57 килограмм;
Баяман Азизбек уулу, Рысбек Бектенов – 60 килограмм;
Аскат Култаев – 63,5 килограмм;
Элдар Турдубаев – 71 килограмм;
Султан Асанкул уулу, Даниель Абдрахманов – 75 килограмм;
Бекбол Мурасбеков – 86 килограмм.
Мушкерлер "Сранжа" аталышындагы турнирге курама команданын машыктыруучусу Темирлан Осмоновдун жетекчилиги астында катышары айтылды.