
Эл жазуучусу, 3-даражадагы “Манас” орденинин ээси
Мелис Абакиров көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Жазуучу Чүй районунун Бурана айылында 1940-жылы 15-мартта туулган. 1963-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1963-жылы мугалим болуп иштөөдөн баштаган.
1965–1970-жылдары Ысык-Көл облусундагы Тоң райондук "Эмгекчил" гезитинде адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу катчы, редактордун орун басары;
1970–1971-жылдары "Ленинчил жаш" гезитинин бөлүм башчысы, 1971–1979-жылдары "Советтик Кыргызстан" гезитинин адабий кызматкери, өз кабарчысы, жооптуу катчынын орун басары;
1979–1985-жылдары Кыргыз ССРинин Мамлекеттик басма комитетинин башкы редактору, 1985–1988-жылдары "Мектеп" басмасында бөлүм башчы, 1988-жылдын август айынан "Адабият" басмасынын башкы редактору, 1992–1998-жылдары ушул басманын директору;
1998–2005-жылдары "Акыл" акционердик коомунун төрагасынын орун басары – "Кыргызстан" басма үйүнүн башкы редактору;
2004-жылдын декабрь айынан 2007-жылдын мартына чейин Улуттук Жазуучулар союзунун катчысы болуп иштеген, өзгөчө эмгек сиңирген пенсионер.
Белгилей кетсек, жазуучуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты 31-январда саат 11:00дө Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.
SUPER.KG порталынын жалпы жамааты жазуучу Мелис Абакировдун дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу жакындарына көңүл айтабыз.