Олимпиадада 60 адам кайтарган Камила Валиева эсиңиздеби? Ал алтын медалынан ажырады

Орусиялык фигурист Камила Валиева төрт жылга спорттон дисквалификацияланды. Мындай чечимди бүгүн, 29-январда спорт Арбитраждык соту чыгарды.

Камила Валиева анын допинг-иши боюнча төрт жылдык тергөөнүн жыйынтыгы боюнча күнөөлүү деп табылып, 4 жылга спорттон четтетилген. Ошентип Валиеванын допинг-иши менен дээрлик эки жылдык эпосу аяктады. Бул иш биринчи жолу "Пекин-2022" кышкы Олимпиада учурунда командалык мелдештер аяктагандан кийин жарыяланган. Мындан улам ушул убакка чейин ошол турнирдин жыйынтыгы боюнча расмий сыйлык бериле элек.

Соттун чечимине ылайык, Камила Валиева 2021-жылдын 25-декабрынан баштап алган сыйлыктарынан ажыратылат, анын ичинде Пекинден уткан командалык эсептеги алтын медалы дагы бар. Бул ишти кароо 717 күнгө созулду.

Допингге шектелген Камила Валиеванын Олимпиададагы коопсуздугун камсыздоо үчүн 60 адам дайындалганы кабарланган.

Эске салсак, буга чейин Камила Валиеванын допинг-тести күмөндүү болуп чыкканы тууралуу маалымат чыккан. Ал эми 2022-жылдын 14-февралында Спорт арбитраждык соту Камила Валиеванын Олимпиададагы жүрүшүн улантууга уруксат берген. Кийинчерээк Эл аралык Олимпиада комитети Камила Валиеванын денесине допинг чоң атасы колдонгон азык-түлүк аркылуу киргендигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан